17:51, 23 жалган куран 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Онлайн маркет Ойно Работа Справочник АКИ-TV Куда пойти? Булбул

Бишкектеги крематорийде күнүнө 200 килограммдан ашуун иттердин өлүгү өрттөлөт

На русском
17:04, 15 жалган куран 2019 44
Көк-Жар конушунда ит атуу учуру
Көк-Жар конушунда ит атуу учуру

Баракелде -  Бишкек шаардык кеңештин депутаттары 14-мартта Бишкек санитардык полигондогу жаныбарлар үчүн крематорийди (өлүктү өрттөп жиберүүгө ылайыкталган атайын жай) көрүп келишти. Бул тууралуу шаардык кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Крематорий кызматкеринин айтымында, «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тарабынан күнүнө 200 килограммдан ашуун өлгөн иттер алынып келинет.

«Биз өлгөн иттерди мешке салабыз. Мешке 800 килограммга чейин иттердин өлүгү батат. Андан кийин ал автоматтык түрдө иштеп баштап, 20 саат жагылат. Бул убакта 28 литр күйүүчү май коротулат. Калдыктар калгандан кийин меш тазаланат. Көбүнчө өлгөн иттер кышында алынып келинет», - деди крематорийдин кызматкери.

Депутат Павел Десятников 700 миң сом акчага алынган иттердин өлүгү жагылчу меш болгону алты ай гана иштегенин айтып нааразы болду.

«Бүгүнкү күндө иштеп жаткан меш эсеп боюнча экинчи меш, бюджеттен бөлүнгөн 700 миң сом акчага сатылып алынган», - деп депутат нааразычылыгын билдирди.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком