17:51, 23 жалган куран 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Онлайн маркет Ойно Работа Справочник АКИ-TV Куда пойти? Булбул

3 турак үй, жүк ташуучу унаа, контейнер күйгөн: Ири өрт 3,5 сааттан кийин өчүрүлдү (сүрөт, видео)

16:57, 15 жалган куран 2019 239
Өрт
Өрт
// АКИpress

Баракелде -  Бишкектин четиндеги, тактап айтканда Новопавловка айылындагы ири өрт саат 15:42де толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Өрттүн кесепетинен 3 турак үй (болжол менен 420 чарчы метр), 1 оор жүк ташуучу унаа, 1 контейнер күйгөн. Кырсыктын кесепетинен жабыркагандар жана каза болгондор жок. Учурда өрттүн себеби такталууда.

Өрт чыккан аймакка 5 өрт өчүрүү бөлүмү, ИИМдин, райондук электр тармактары ишканасынын кызматкерлери жана «Тазалык» ишканасынын суу ташуучу унаалары тартылган. Өрт тууралуу билдирүү саат 12:07де келип түшкөн.

Күбөлөрдүн бири: «Өрт Новопавловка айылында чыгып, үйлөр күйдү. Андан кийин өрт өчүрүүчүлөр чакырылды», - деди.

Дагы бир күбөнүн айтымында, өрттөнгөн үйдүн тургундары күйүүчү май сатып иштешет. Ал эми күйүп кеткен жүк ташуучу унаада көп өлчөмдөгү солярка бар болчу.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком