18:08, 23 аяк оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Жаңы сүрөттөр, видео — Бишкектеги ири өрт: Үйлөр, унаалар күйүп жатат

На русском
12:45, 15 жалган куран 2019 5847

Баракелде -  Бишкек шаарынын батыш тарабында ири өрт чыкканын күбөлөр «Репортерго» билдирди.

Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, өрт Дэн Сяопин көчөсүндө чыккан. Учурда окуя болгон жерге 4 өрт өчүрүү бөлүмү тартылды. Өрт тууралуу билдирүү саат 12:07де келип түшкөн.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, тез жардам бригадасы өрт чыккан жерге жөнөп кетти. Адамдардын жабыркаганы тууралуу маалымат жок.

Күбөлөрдүн айтымында, өрттүн кесепетинен 1 турак үй толугу менен күйүп, өрт экинчи үйгө жайылган.

«7 тонналык жүк ташуучу унаадан желим идиш менен бир нерселерди түшүрүп жатышкан. Ал бензин болушу мүмкүн. Өрт өчүрүүчүлөр өчүрө албай жатышат», - дешти алар.

«Баракелде» басылмасынын кабарчысы жеринен билдиргендей, жүк ташуучу унаа, контейнер толугу менен күйүп кетти. Өрт турак үйлөргө жайылып, үйлөрдүн чатыры өрттөндү.


Кийинчерээк ӨКМ өрт чыккан аймакка 5 өрт өчүрүү бөлүмү, ИИМдин, райондук электр тармактары ишканасынын кызматкерлери жана «Тазалык» ишканасынын суу ташуучу унаалары тартылганын билдирди.

«Өрттүн кесепетинен 1 турак үй жарым-жартылай, 2 үйдүн чатыры, 1 оор жүк ташуучу унаа толугу менен күйгөн. Өрт саат 13:18де чектөөгө алынып, өрт өчүрүү иштери уланууда», - деп айтылат маалыматта.

Болжолдуу маалымат боюнча, кырсыктан жабыркагандар жана каза болгондор жок.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком