08:03, 26 бугу айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Куда пойти? Булбул

Сүрөт — «40 кыз»: 200 миң сомду кайсы сулуу утту?

12:19, 15 жалган куран 2019 7383

Баракелде -  Кечээ, 14-мартта Бишкек шаарында «40 кыз» долбоору жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды. Райондордон чогулган 40 кыздын арасынан 1-орунду Аламүдүн районунун атынан катышкан 19 жаштагы Айдана Карагулова жеңип алды.

200 миң сом акчалай байгеге ээ болгон Айдана Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин көркөм өнөр факультетинин графика бөлүмүндө окуйт. Ал үй-бүлөдө 3 бир тууган, эки агасы бар. Атасы Карагул Тиленчиев Опера жана балет театрында иштесе, апасы Б.Бейшеналиева атындагы искусство университетинде эмгектенет.

«Чындыгында оор болду. Көп татыктуу кыздар бар экен. Аларды көрүп, жеңишке жетем деп ойлогон эмесмин. Бирок 1 ай жакшы даярдангам. Сынак калыс, акыйкат өтөрүнө ишенбей жаткам. Кесме кескенден кийин алгачкы жыйынтыкты айтышканда алдыда экенимди көрүп күчтөндүм», - деди А.Карагулова.

Ал эми 2-орунду Нарын облусунун Ак-Талаа районунун атынан катышкан 22 жаштагы Нурия Жаныбек кызы алды. Ал үй-бүлөдө 3 бир тууган. Учурда Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде 2-курста окуп жатат.

«Мага талант негизи чоң ата, чоң апамдардан өтсө керек. Алар комуз чертип, ырдашчу экен. "40 кыз" долбоорунан көп нерселерди үйрөндүм. Кыргыз тили боюнча тестирлөөгө абдан жакшы даярдангам. Камыр жууруп, жайганда да жакшы баа алдым. Жаа атууну 2-3 күн эле үйрөндүм. Байгеге 50 миң сом алдым», - деди Нурия.

3-орунду Талас облусунун Манас районунун атынан катышкан 19 жаштагы Айжамал Бабыркулова ээледи. Ал 5 бир тууган, эгиздин түгөйү. Учурда Кыргыз мамалекеттик техникалык университетинде 1-курста окуп жатат.

«Долбоор тууралуу кеч угуп калдым. Тапшырмалар абдан жакты, жакшы даярдангам. Орун аларымды билгем. Байгеге 30 миң сом алдым», - деди Айжамал.

Ал эми долбоордун уюштуруучуларынын бири Элнура Кулуева: «Негизинен "40 кыз" долбоору жогорку деңгээлде өттү. Утулганы бар, утканы бар. Анын баарын калыстар карашты. Жеңүүчү кыздардын сырткы келбетине гана эмес, буга чейинки сынактардын жыйынтыгы менен аныкталды. Алар топтогон упайлары боюнча жыйынтык чыкты. Калыстар тобу 7 дубандан чогулган, алар тууралуу маалымат эч кимге берилген эмес. Ошондой эле бейөкмөт уюмдан да өкүл кошконбуз. Утулуп, нааразы болуп, таарынычтар менен улуттук долбоорду талкалап албайбы. "Калыс өткөн жок, сулуулар алдыга чыккан жок" дешти. Бирок буга чейинки сынактарда алган упайлары каралды. Нукура сулуу, колунан бардык иш келген кыздар жеңишке жетти», - деди.

Долбоор башталган күнү кыздар кыргыз тили боюнча тест тапшырып, кийинки күнү камыр жууруп, кесме кесип, жаа атып, калыстардын сынынан өтүшкөн болчу.

Долбоорго катышкан 40 кыздын сүрөттөрү бул шилтемеде

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком