20:33, 7 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Бишкекте аялын сабаган киши шарттуу кесилди

На русском
12:07, 15 жалган куран 2019 328

Баракелде -  Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Мыктыбекке (И.М.Э., аты өзгөртүлдү) карата козголгон кылмыш иши боюнча чечим чыгарды. Бул тууралуу соттун токтомунда айтылат.

Соттолуучунун айтымында, 2017-жылдын 14-сентябрында болжол менен саат 19:45 чамасында батыш бекетине аялы менен сүйлөшүү максатында барган. Ал жерден аялынын кимдир бирөө менен кучакташып тургандыгын көргөн. Ал жанына барганда аялы маршруттук унаага отуруп алган. Мыктыбек унаадан анын чыгуусун суранганда аялы баш тартып кыйкырган. Ошондо Мыктыбек аны эшикке чыгарайын деп жатканда, экөө чогуу жыгылып түшкөн. Андан кийин экөө эшикке чыгып, аялы кыйкыра баштаганда, Мыктыбек алаканы менен аялынын бетине чапкан. Ал жерден экөөнү жанында жүргөн адамдар арачалап, аялы кайра унаага барып отуруп алган. Мыктыбек аялынын жерде калган сумкасын алып кетип, кийинки күнү сумкасын берип жиберген. Ал аялын тоногон эмес, сумканын ичинде акча жок болчу. Экөө 2010-жылдан бери чогуу жашап, ортодо 2 баланы тарбиялап келишкен. Сотто айыпталуучу жасаган ишине өкүнүп жатканын айтып, катуу эмес жазалоону өтүндү.

Жабырлануучунун айтымында, ал 14-сентябрда маршруттук унаага отурган. Андан кийин мурунку жарандык никедеги күйөөсү барып, эшикке чыгышын талап кылганда ал баш тарткан. Күйөөсү жини менен адепсиз сөздөрдү айтып, аялынын чачынан кармап алып эшикке сүйрөп, башына чаап, дубалга сүздүргөн. Андан кийин ал аялынын сумкасын тартып алып, маршруттук унаанын артында намаз окуп баштаган. Сумканын ичинде 3 миң 500 сом акча жана паспорт болгон. Кийинки күнү ал маршруттук унаанын айдоочусу аркылуу сумкасын берип жиберген, бирок ичинде акча менен паспорт болгон эмес. 20-сентябрда күйөөсү үйүнө барып, анын апасына паспортту берген. Ага материалдык доомат жок экендигин жана келтирилген чыгым толугу менен кайтарылгандыгын айткан.

Сот Мыктыбекти күнөөлүү деп таап, 3 жылга эркинен ажыратып, мамлекеттин пайдасына 20 миң сом өлчөмдө айып пул салды. Сот жазаны 2 жылдык сыноо мөөнөтү менен шарттуу деп эсептеди.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком