08:03, 26 бугу айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Куда пойти? Булбул

Чек арадагы чатак: Тажикстан дагы бир жараны каза болгонун жарыялады

На русском
10:52, 15 жалган куран 2019 547

Баракелде -  Тажикстандын УКМКсынын Башкы чек ара башкармалыгы кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан дагы бир адам каза болгону тууралуу маалымат жарыялады.

Ведомствонун расмий маалыматында: «14-мартта жергиликтүү убакыт боюнча саат 15:30 чамасында Ак-Сай кыштагынын жашоочулары Ворух аймагында жолду тосуп, таш ыргытып башташкан. Андан коргонгон Тажикстандын жарандары жооп кайтарууга аргасыз болушкан. Андан кийин кыргыз тараптан ок атылып, андан Тажикстандын жараны — 1982-жылы туулган Тешаев Расулиддин Имомбоевич окуя болгон жерде каза болгон. Экинчи жабырлануучу — 2003-жылы төрөлгөн Хайдаров Ансориддин оң колунан жаракат алып, ооруканада дарыланып жатат», - деп айтылат.

Буга чейин Тажикстандын УКМКнын Башкы чек ара башкармалыгы кыргыз-тажик чек арасындагы окуя боюнча өздөрүнүн версиясын жарыялаган. Маалыматка караганда, 13-мартта Кыргызстан тарап өкмөттөр аралык протоколду бузуп, Ворух анклавынын аймагында Көк-Таш—Ак-Сай—Тамдык унаа жолунун курулушун баштаган. Буга Ворух аймагында тургундар каршылык көрсөтүп чыгышкан. Ага жооп катары кыргыз тараптан аларга карата ок атылган.

«Ошондой эле Кыргызстандын укук коргоо органдары Тажикстандын жарандарынын унааларынын каттамын токтотуп, Исфара—Ворух жолун тороп алышкан. Мындан тышкары кыргыз чек арачылары «Оксой» (кыргызча Ак-Сай) чек ара отрядынын аймагында «Газель» үлгүсүндөгү 2 унаада бара жаткан тажикстандык 30 жаранды барымта катары кармап алышкан», - деп айтылат маалыматта.

Тажикстандын чек арачыларынын билдиргенине караганда, Чоркух аймагынын Ходжа Ало кыштагынын аймагында Кыргызстандын жарандары тарабынан аңчылык куралы колдонулуп, анын кесепетинен Тажикстандын Чоркух аймагынын 1976-жылы туулган тургуну Хусейн Хакимов жүрөк тушунан жаракат алып, ооруканада каза болгон. Ошондой эле милициянын аймактык улук лейтенанты Авеззода Саидшариф санынан, 1973-жылы туулган жаран Атамов Максаджон баш жагынан жана 1973-жылы туулган жаран Аюбов Рахим бутунан жаракат алган.

Муминабаддын Чоркух аймагынын 1984-жылы туулган жашоочусу Сохибов Рахмониддин таштан жаракат алган. Мындан тышкары Кыргызстандын жарандары Тажикстандын Ходжа Ало айылынын жашоочусу Муллоджонов Абдумаджиддин кампасын жана Чоркухтун Сомониён аймагындагы тегирменин өрттөп салышкан.

Учурда Ворух-Оксой чек арасында абал туруктуу жана кырдаал эки өлкөнүн чек арачыларынын көзөмөлүндө турат деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле тажик чек арачыларынын маалыматында: «Кырдаалды жөнгө салуу үчүн Исфара шаарынын Заравшан тилкесинде Тажикстандын Согди облусунун төрагасынын орун басары Баховаддин Баходурзода менен Кыргызстандын өкүлдөрүнүн ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат», - деп айтылат.
Turmush басылмасынын маалыматы боюнча, 14-мартта Баткен районунун Ак-Сай айылында ок атылып, кыргыз тараптан 2 адам жаракат алып, ооруканага жеткирилди.

Жаракат алгандардын бири Акылбек үйүнөн чыгып, тополоң болгон жерге барган учурда сол колуна ок тийген. Ал айылдык ФАПтан биринчи медициналык жардам алып, андан кийин Баткен облустук бириктирилген ооруканасынын сыныктар бөлүмүнө кайрылган. Ал жерден дарыгерлер керектүү медициналык жардамдарды көрсөтүп жатат.
Ошондой эле 1994-жылы туулган У.Ж. аттуу милиция кызматкеринин жамбашына ок тийген.
Милиция кызматкери тез жардам унаасы менен Баткен облустук бириктирилген ооруканасынын сыныктар бөлүмүнө жеткирилип, операция жасалган. Учурда У. жандандыруу бөлүмүндө жатат. Ал вице-премьер-министр Жеңиш Разаков күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү менен жолугушуп жатканда жаракат алган.
Кыргыз-тажик чек арасындагы чатак 13-мартта саат 18:30 чамасында башталган. Чыр Баткен районунун Ак-Сай айылындагы чек арадан чыгып, ал күнү кыргыз тараптан бир адам жаракат алган болчу. Ага операция жасалган.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком