08:05, 26 бугу айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Куда пойти? Булбул

Кыргызстан менен Тажикстандын президенттери телефон аркылуу сүйлөштү

18:08, 14 жалган куран 2019 143

Баракелде -  Бүгүн, 14-мартта президент Сооронбай Жээнбеков жана Тажикстан Республикасынын президенти Эмомали Рахмон телефон аркылуу сүйлөшүштү. Анда мамлекет башчылары кыргыз-тажик чек арасындагы түзүлгөн кырдаалды талкуулашты, деп билдирди өлкө башчынын басма сөз кызматы.

Сооронбай Жээнбеков жана Эмомали Рахмон объективдүү иликтөө жүргүзүү жана келечекте мындай абалды болтурбоо үчүн биргелешкен комиссия түзүү керектигин, ошондой эле мамлекеттик чек араны делимитация процессин аяктоо боюнча сүйлөшүүлөрдү активдештирүү зарылдыгын белгилешти. Эки лидер кылымдардан берки жылуу коңшу мамиледеги эки өлкөнүн эли тынчтыкта жана достукта гана жашашы керек деген бирдиктүү пикирин билдиришти.

----------------------------------------------------------------------

Кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы маалыматтар:

Бүгүн, 14-мартта Баткен районунун Ак-Сай айылында кайрадан ок атылды, деп билдирди Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

Маалым болгондой, бүгүн Ак-Сай айылына вице-премьер-министр Жеңиш Разаков келген болчу. Ал күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү менен жолугушуп жаткан эле. Ошол учурда тажик тараптан ок атылып, кыргыз тараптагы милиция кызматкерине тийди. Аны тез жардам кызматы менен ооруканага алып кетишти. Жеңиш Разаков ызы-чуу боло түшкөн адамдарга жолугушууга барды.

Учурда абалды чек арачылар, укук коргоо органдары, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү көзөмөлгө алууга аракет кылып жатышат.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком