08:02, 26 бугу айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Куда пойти? Булбул

«Бардыгын жардырам»: Жол кырсыктан кийин майып болгон жигит аэропортто ызы-чуу салган

На русском
17:50, 14 жалган куран 2019 1702
Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт
// АКИpress

Баракелде -  Бишкектин Биринчи май райондук соту Кубанычка (аты өзгөртүлдү) карата козголгон кылмыш иш боюнча чечим чыгарды. Бул тууралуу соттун токтомунда айтылат.

Айыпталуучу 2018-жылы 27-мартта саат 14:00 чамасында туугандары менен бирге Россияга кете турган карындашын «Манас» эл аралык аэропортуна жеткирип барган. Ал саат 15:15 чамасында аэропорттун авиациялык коопсуздук кызматынын кызматкерлерине анда бомба бар экенин жана баарын жардырарын айткан. Андан кийин Кубаныч кармалып, милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Бирок анын жанынан жардыруучу зат табылган эмес.

Сот отурумунда Кубаныч 2008-жылы жол кырсыкка кабылып, комага түшүп, андан кийин 2-топтогу майып болуп калганын билдирди.

«2013-жылдан бери Республикалык психикалык ден соолук борборунда каттоодо турам. Туугандарым аэропортко барып келүүнү суранып, алар менен баргам. Аэропорттон авиациялык коопсуздук кызматынын кызматкерлери токтотуп, текшерип башташты. Кызматкер аялга "бомба издеп жатасыңбы?" деп айткам. Ал мени кармап, милиция кызматкерлерин чакырды. РИИБге барганда апам келип, каттоого алынганым боюнча документтерди көрсөттү. Мени актоону суранам», - деди айыпталуучу.

Ал эми аэропорттун атайын көзөмөл бөлүмүнүн инспекторунун айтымында, 27-март күнү азиат түспөлүндөгү жигит текшерилген. Андан кийин ал жигит бомба бар экенин жана баарын жардыра турганын айткан. Ал сөздү уккандан кийин милиция кызматкерлерин чакырган.

Жыйынтыгында сот Кубанычты күнөөлүү деп таап, 2 жылдык сыноо мөөнөтү менен 1 жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратты.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком