08:04, 26 бугу айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Куда пойти? Булбул

Чүйдө өгөй кызын зордуктоого аракет кылган адам кармалды

17:00, 14 жалган куран 2019 (Жаңыланды: 18:49, жалган куран 14 2019) 88

Баракелде -  Чүй облусунун тургуну өгөй кызына ыпылас иш-аракеттерди жасаган деген шек менен кармалды. Ал 3 жылдан бери адам өлтүрүү фактысы боюнча издөөдө жүргөн. Бул тууралуу бүгүн, 14-мартта Чүй ОИИБ билдирди.

12-март күнү Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнө 29 жаштагы жергиликтүү тургун кайрылып, 12 жаштагы кызын зордуктоого аракет кылган жарандык никедеги күйөөсүнө чара көрүүнү суранган.

Аталган факт КРнын Жазык кодексинин 165-беренесинин (жосунсуз жорук жасоо) негизинде Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. 13-мартта Аламүдүн РИИБдин тиешелүү кызматкерлери жүргүзгөн иш-чаранын натыйжасында Чүй облусунун 31 жаштагы тургуну кармалган.

Кармалган адам буга чейин Чүй облусунун Сокулук райондук соту тарабынан уурдоо фактысы боюнча сот жообуна тартылган. 2016-жылдан бери Кемин РИИБдин кызматкерлери тарабынан адам өлтүрүү фактысы боюнча издөөдө жүргөн. Кармалган жаран учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком