08:00, 26 бугу айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Куда пойти? Булбул

Видео — «Смотрящий», К.Көлбаевдин камералашы Казакстандан кармалды

На русском
16:42, 14 жалган куран 2019 319
Шектүү
Шектүү

Баракелде -  Бир нече жолу соттолуп, эл аралык издөөдө жүргөн Чүй облусунун тургуну Казакстандын Алмата шаарында кармалды. ИИМдин маалыматы боюнча, ал криминал чөйрөдө «Смотрящий» макамы менен таанымал болгон.

Издөөдөгү адамды колго түшүрүү процесстери Кыргызстан менен Казакстандын Ички иштер министрлигинин кызматкерлери аркылуу жүргүзүлдү.

ИИМдин билдирүүсүндө: «2019-жылдын март айында Алмата шаарынан ИИМдин кызматкерлери Казакстан Республикасынын Алмата шаарындагы Полиция департаменти менен бирдикте "Интерпол" линиясы аркылуу эл аралык издөөдө жүргөн, бир нече жолу соттолгон 1971-жылы туулган А.Б. аттуу жаранды кармоого багытталган ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүшкөн. Криминалдык милиция кызматынын маалыматы боюнча, ал уюшкан кылмыштуу топтордун биринин активдүү мүчөсү катары Кыргыз Республикасынын ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.

Шектүү Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс) 231-беренесинин 1-бөлүмү (уюшкан кылмыштуу шериктикти, уюмду уюштуруу) менен 170-беренесинин 1-2-бөлүмдөрүндө (опузалап акча талап кылуу) көрсөтүлгөн кылмыш иштери боюнча эл аралык издөөдө жүргөн. Мурда тоноо, карактоо, ири өлчөмдөгү уурулук, ок атуучу куралды мыйзамсыз сактоо, алып жүрүү, адамды уурдоо, опузалап акча талап кылуу беренелери боюнча бир нече жолу соттолгон. Ошондой эле Жаза мөөнөтүн К.Көлбаев менен бир камерада өтөгөн. 2011-жылдан бери издөөдө жүргөн.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин кызматкердери А.Б. Казакстан Республикасынын мыйзамсыз берилген паспортун колдонуп, Алмата шаарында жашырынып жүрөт деген такталган маалымат алышкан.
Ушунун негизинде издөөдөгү адам 8-март күнү кармалды», - деп айтылат.

«Смотрящий» учурда камакка алынып тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком