03:54, 18 кулжа 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Жарым миллион сомдук кургатылган жемишти мыйзамсыз ташып бараткан айдоочу кармалды

На русском
19:08, 13 жалган куран 2019 4882

Баракелде -  Ыкчам бажынын кызматкерлери тарабынан 7-март күнү саат 19:20 чамасында Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда, тактап айтканда Баткен—Ош—Бишкек жолунда жүк ташуучу унаадан мыйзамсыз ташылып келе жаткан кургатылган жемиштин түрлөрү табылды.

Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы билдиргендей, ЕАЭБдин Бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жүрүшүндө Кыргызстандын жараны Т.Д.А.нын башкаруусундагы чиркегичи бар «ДАФ» үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, текшерүүгө алынган. Унаанын жүк салынган бөлүгүнөн жалпы салмагы 24 тонна 530,3 кг (баасы 500 000 сомдон ашык) кургатылган жемиш табылды.

Бул факты каттоого алынып, материалдар Ош облустук прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком