17:52, 23 жалган куран 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Онлайн маркет Ойно Работа Справочник АКИ-TV Куда пойти? Булбул

Сауд Арабияны таң калтырган улуттук кийимчен кыргызстандык сулуулар (сүрөт)

На русском
18:46, 13 жалган куран 2019 4811

Баракелде -  Сауд Арабияда өтүп жаткан «Көчмөндөр ааламы» этнофестивалынын алкагында кыргыздардын улуттук кийимдеринин көргөзмөсү болду. Бул көргөзмөгө катышкан Бегимай Жаныбекова социалдык түйүндөгү баракчасы аркылуу сүрөттөрдү жарыялап, кылымдар бою сакталып келген улуттук кииймдер көрсөтүлгөнүн айтты.

«Чет өлкөлүктөр биздин жасалгаларга таң калышты. Мен кийген келиндин көйнөгү 100 жылдан ашык убакыттан бери сакталып келет. Дизайнер Татьяна Воротникованын айтымында, мурда кыздар 12-13 жаш курагында турмушка чыккандыктан көйнөк кичине жана арык кыздарга ылайыкталып тигилген. Кийин топчулары кайрадан оңдолуп кадалган. Ал эми баш кийим кийинчерээк тигилген», - деди Б.Жаныбекова.

Бегайым Жаныбекова АКИpress агенттигине берген сүрөттөр:

Учурда Сауд Арабияда масштабдуу «Көчмөндөр ааламы» этнофестивалы өтүп жатат. Бул иш-чарага катышуу үчүн Кыргызстандан миңден ашык өнөрпоздор, чыгармачыл адамдар жана жаныбарлар жөнөтүлгөн болчу.

Анын алкагында көчмөндөрдүн дүйнөсү жана салбурун, көк бөрү, куш салуу, кыз куумай, эр эңиш, тайган салуу сыяктуу кыргыз элинин улуттук оюндары көрсөтүлүп жатат.

9-мартта башталган этнофестиваль 23-мартка чейин уланат. Фестиваль өтүүчү аймак Сауд Арабиянын борбору болгон Эр-Рияд шаарынан 150 км алыста жайгашкан. Бул иш-чарага жалпы 35 миңге жакын адам катышып жатканы айтылууда.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком