08:03, 26 бугу айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Куда пойти? Булбул

Райондордон чогулган нукура сулуу 40 кыздын сүрөтү

20:23, 13 жалган куран 2019 18923

Баракелде -  Бишкек шаарында уюштурулган «40 кыз» долбооруна өлкөнүн 40 районунан чогулган 40 кыз катышып жатат. Кыздар сынак башталган күнү кыргыз тили боюнча тестирлөөдөн өтүп, андан кийин камыр жайып, кесме кесип, жаа атып, калыстардын сынынан өтүштү.

Уюштуруучулардын бири Дана Абдыбекованын айтымында, долбоор жаш муундарга идеологиялык башат болот.

«Азыркы тапта коомубузда жаңы идеялар жок болуп, Кыргызстандын жаштары үчүн улуттук багыттар калыптанбай жатат. Андыктан кыргыздын жигердүү айымдары сыртта калбай, бул процессти калыптандырууга катышуусу зарыл. Кыргызстандын элинин тарыхый жана маданий бай мурастарын мындан ары арттыруу, улуттук кийимдерди сактоо, аны жайылтуу — мамлекеттин гана эмес, катардагы жарандардын да милдети. Долбоорго 40 лидер айым, 40 райондон чыккан 40 кыз, 40 чебер дизайнер катышып жатат», - деди Дана Абдыбекова.

Долбоордун негизги максаты — чыныгы кыргыз кызынын нукура жүзүн, кыз кишиге тиешелүү баалуулуктарды коомчулукка көрсөтүү.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком