17:52, 23 жалган куран 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Онлайн маркет Ойно Работа Справочник АКИ-TV Куда пойти? Булбул

«Туда-сюда деген эмнени түшүндүрөт?»: Вице-спикер мэриянын аппарат башчысын жемеледи

На русском
14:02, 13 жалган куран 2019 2400

Баракелде -  Бүгүн, 13-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында Бишкек шаарынын мэриясынын аппаратынын жетекчиси Балбак Түлөбаев вице-спикер Мирлан Бакировдон («Өнүгүү-Прогресс») жеме укту.

Балбак Түлөбаев 8-мартта өткөн жөө жүрүштүн уюштуруучуларынын кайрылуусун орус тилинде окуп жатып акырында:«Туда-сюда деп бизге кайрылып жатат», - деди.

«Сиз кайрылуунун текстин толук окуп бердиңиз. Туда-сюда деген эмнени түшүндүрөт? Сиз мамлекеттик кызматтасыз. Окусаңыз толук окуңуз, болбосо андай сөздү айтпаңыз», - деп эскертти вице-спикер.

Балбак Түлөбаев айткан сөзү үчүн кечирим сурады.

Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн Аялдардын эл аралык күнүндө Бишкек шаарында уюштурулган жөө жүрүштү талкуулашты.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком