22:59, Үчтүн айынын он сегизи, 2020
21:00, Үчтүн айынын он сегизи, 202085 Ак-Сууда жолбун иттер атылууда. Сүрөт
20:55, Үчтүн айынын он сегизи, 20201343 Гепатит кантип билинет? Ооруну алдын алабыз
20:11, Үчтүн айынын он сегизи, 2020127 Кыргызстандыктар көп чалдыккан оорулар

Сооронбай Жээнбеков Эфиопиянын президентине көңүл айтты

12:27, Жалган куран айынын он экиси, 2019 329

Баракелде -  Президент Сооронбай Жээнбеков Аддис-Абеба — Найроби каттамындагы авиакырсыктын кесепетинен көптөгөн адамдар курман болгондугуна байланыштуу Эфиопиянын президенти Сахле-Ворк Зевдеге көңүл айтты.

«Аддис-Абеба–Найроби каттамындагы авиакырсыктын кесепетинен көп сандагы адамдардын курман болгондугу тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Каза болгон жүргүнчүлөрдүн бир туугандарын жана жакындарын сабырдуулукка чакырам жана орду толгус жоготуу азасын тең бөлүшөм», - деп айтылат мамлекет башчысынын көңүл айтуу телеграммасында.

Аддис-Абеба — Найроби каттамындагы авиакырсыктын кесепетинен 157 адам каза болгон.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком