22 июль 2014, 23:20
 
Орусияда кыздарга кордук көрсөткөн кыргыз жигиттеринин «Патриот» тобу пайда болду
11 май 2012, 13:32

Баракелде - Орусияда айрым кыргыз кыз-келиндерди жүрүм-туруму үчүн кордоп-кодулаган кыргыз жигиттеринин «Патриот» деген тобу пайда болду.

Алардын кыздарды башка улуттун өкүлдөрү менен мамиле курду деп айыптап, жылаңачтап ур-токмок менен суракка алган видеолору интернетке байма-бай чыга баштады.

Коомчулукта кыргыз жигиттеринин мындай жосунсуз жоруктарын кылмыш катары баалап, эрдик эмес, кордук дегендер көп.

Интернетке жарыяланып жаткан видеолордун мазмуну негизинен окшош. Беттерин көрсөтүп-көрсөтпөгөн жигиттер кыздарды энеден туума жылаңачтап алып, башка улуттун өкүлдөрү менен мамиле курганын, бузукулукка барганын айтып, ур-токмокко алышат. Кыздардын аты-жөнүн, каяктан болорун толук сурап, атүгүл паспортторунан бери көрсөтүп салган учурлар бар.

Бул видеодогу кызды муунтуп, бычак такап жүрөгүнүн үшүн алып, дүкүлдөтө тепкилеп, омуроолоп, ыплас сөздөр менен суракка алып жатат: 

- Эмне жүрөсүң? Жооп бер, эмне жүрөсүң? Москвага эмнеге келдиң?

- Иштегени...

- Колуңду ары жакка түшүр. Кыздарга кеңешиңди берип кет. “Кыздар, эжелерим-сиңдилерим эч качан мендей болбогула” деп айт.

Экинчи видеодогу кыз кышында карда эшикте кийимсиз, буту байланып турат. Аны ырайымсыз суракка алгандар кыргыз кыздарын тескеген “Патриот” деген уюмдан экенин айтышууда.

- Кыргыздын кыздарынын абийирин кетирбейли деген “Патриот” аттуу уюм ачылды деп уктуң беле? Сага окшогон Сапаргүл дегенди уктуң беле? Ошону ким тартканын уктуң беле?

- Мен минтип жүргөн эмесмин, ака... 

- Анан? Колуңду түшүрүп сүйлө. Колуңду түшүрүп сүйлөбөсөң желкеңден басам. Канчанчы жылы туулгансың? Туулган күнүң кайсы? Никең барбы, же жокпу? Эриң барбы? Каякта? Эриңдин аты ким?

Ушундай мазмундагы алгачкы видео интернетте эки айдай мурда чыккан. Азыркы кезге чейин кордолгон кыздардын бирөө да тартип коргоо органдарына кайрылган эмес. “Патриот” деп аталган топко кабылган кыз-келиндердин андан аркы тагдыры да белгисиз.

Тапса болобу?

Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Болот Жунусов “Азаттыктагы” маегинде жабырланган тарап арыз менен кайрылмайынча тартип коргоо органдары чара көрбөй турганын айтты. Элчи балдардын жосунсуз жоруктарын айыптады:

- Ал боюнча биздин консулдук бул жактагы Ички иштер министрлигине ушундай кишилерди таап бергиле деп кат жөнөткөн. Юридикалык жактан жабыркаган адам өзү арыз бериш керек экен. Ошол биринчи видеого чыккан кыздын туугандарын консулдук бөлүмдүн балдары табабыз десе, алар биз анын кайда экенин билбейбиз деп айтышып, ошону менен табылбай калган. Эми дагы жаңы ролик чыгыптыр. Бул балдар туура эмес жолду тандап алышыптыр. Ур-токмок менен адамды өзгөртүү кыйыныраак. Кыргыздын намысын коргойбуз деп атышат да, кыргыздын кыздарын мыкаачылык менен кыйнап, аны тартып алып интернетке жарыялап, жылаңач көрсөткөнү баатырлык эмес.

Кыргызстандын тартип коргоо органдары да бул окуяларды тергеп-иликтей албай турганын билдирүүдө. Ички иштер министринин орун басары Мелис Турганбаев “Азаттыкка” мындай фактылар башка өлкөдө катталгандыктан ал жактын макулдугусуз оперативдүү иштерди жүргүзүү мүмкүн эместигин айтты: 

- Биз барганда деле башка өлкөнүн аймагында иштей албайбыз. Орусиянын ИИМине расмий арыз менен кайрылуу керек. Анан алар өздөрү издеп табат. Эгер кайрылуу болсо, биз орус ИИМине "мындай деген факттар чыгып атат, ушуну карап коюңуздарчы" деп кагаз жөнөтөбүз. Эгерде алардан бизге чогуу оперативдик иликтөө тобуна кошулуп иштөө тууралуу сунуш келсе, анда барабыз. Болбосо биз барганда эч нерсе кыла албайбыз.

"Жазалаба, жардам бер"

Москвадагы “Кыргыз биримдиги” коомдук уюмдун жетекчиси Абдыганы Шакиров проблеманын чечүүнүн жолдору караштырылып жатканын айтып берди:

- Көп жаштарыбыз сөз укпай, бир жерде жакын-жакын жашашпай, өз билгенин кылып кетип жатпайбы. Бул боюнча Москвада үч аялдын үч коому иштеп жатат. Жакында эле, 4-майда дагы бир жолу ушул маселелер боюнча чоң сөздөр болуп, талкуу өткөн.

Социолог Топчугүл Шайдулаева бул кыргыз коомунун көйгөйү экенин белгиледи:

- Эне сүтү оозунан кете элек кыздар ошол жакка барып жатпайбы. Ошондой жерге жөн эле ыргытылып калып жатат. Эгер кыргыздын жигиттери ушундай намыскөй болсо, кыргыздын кыздарын коргойм десе, алар антип сабап жазалагандын ордуна, колдон келсе аларды жумушка киргизгенге, жатар жерин таап бергенге, туура жолго салганга аракет кылып, башкача жол менен иштесе болот. Уруп-соккон, тепкилеген патриоттулуктун үлгүсү эмес. Адам укугунун алкагынан алганда, бул - кылмыш.

Ушул тушта он миңдеген кыргыз кыз-келиндер Орусияда жашап, иштеп жүрөт. Алардын дарегине башка улуттун өкүлдөрү менен оңду-солду мамиле курат деген доомат көп айтыла баштады. Ушундай көрүнүштөрдөн улам парламентте 22 жашка чыкмайынча кыздарды жалгыз четке чыгарбоо сунушу да айтылган.

Антсе да серепчилер бул эң ириде социалдык маселе экенин, мамлекет кыз-келиндерин жакшы багып, көңүл бурмайынча мындай көрүнүштөрдү азайтуу кыйын болоорун белгилешүүдө.

Twitter В контакте Мой мир facebook

Пикир калтыруу бөлүмү убактылуу жабык

talantbek 12:31:44 (15-05-2012)
anara,aka degendin baary oshtuk emes,andan kiyin emne tieshesi bar,urgandin da urulgandin da kaydan bolooru?kyrgyz bolgondon kiyin maseleni kayaktikka alyb kelbeseniz!
umar_kazi 12:26:28 (15-05-2012)
Ey akmaktar kilgan ishinger kirgizistan miyzamina jatpasa je shariyatga tura kelbese sizder kimsinger?
GULYA 11:37:09 (15-05-2012)
Ботон жерде аран, алсыз жашап жаткан жердештерибизди ур-токмокко алып ,кордоп же мулкун тартып алуу потриоттуулукка жатпаса керек!!!!!! Урматтуу типа "ПОТРИОТЫ"-бул акмакчылык
otypbaratypele 22:24:29 (14-05-2012)
gulzat2 17:39:17 (13-05-2012)
Орусияда иштеген кыздар ансыз деле коркуп жашашат, скинхерддерге тушуп калам, жумуштан айдалам же полицияга тушуп калам деп. Ушул бутун кыргыз элин жырткыч, жапайы калк кылып корсоткон патриот деген эмне экенин тук тушунбогон туркой доопараздардан да коркуп жашаш керек болуп калды эми буларга! Ошончо патриот экен, эмне учун булар Кыргызстанга келип, куч-кубатын мекенине арнабайбы? Болбосо ушул жерде коргозушпойбу баатырдыгын. Болок элде таянар-жолонор болушары жок бечараларга устомдугун корсотпой. Даже эркектер мушташканда трое на одного болгондо нечестно, трое на одного деп коюшат чыныгы эркектер. Ал эми бул уч доопараз бир проститиуканы кармап, аны кыйнап анан баатыр корунгусу келишет. Мен аны кордум, ошондой эле ар кайсы элдердин комменттерин окудум. Дэрлик бардыгы тьфу на вас деп жатышат. Дикари, уроды, нелюди деп жазышкан, мунун тезинен тийиштуу органдар изилдеп, куноолуулордун жазасын мыйзамга ылайык бергиле деп талап кылып жатышат. Ал эми бул жерде эмне деп жатасынар, совсем эле тупойсунарбы?! Патриот болушса, жардам берип, карындашым деп жакшы жумуш таап беришпейби кыздарга ошончо кыйчн болушса. Булар до того дикари, что даже орустардын "Брат-1", "Брат-2" деген кинофильмин да корушпосо керек. Ошол жерде да бир орус жигитинин Америкада проституция менен заниматься эткен орус кызына кылган мамилеси, аны мекениен алып келгени корсотулгон. Муну коргон орус адамдарынын орус жигиттерине сыймыктануу сезими пайда болот.
boxa 15:57:21 (13-05-2012)
doot Бузулган кыздарды тартипке чакыра турган патиоттор чыгыптыр.Эки кызды тартипке чакыргандарын видеого тартышып инт-ке киргизишиптир. Ал нерсе результат берип жатат десек болот,кочодо азиктер,тажиктер ж.б менен колтукташкан кыздарыбыз азайгансып калды.
Менин жакындарымдын кыздары ушул жерде иштешет,ата-энелери коз салып жур деп,тез-тез звонить этип калышты.
Бул кыздарыбызга да,ата-энелерине да жетиптир деген,мына кичине болсо да ойлонуп калышты.
doot 12:48:27 (13-05-2012)
Орусияда кыздарга кордук көрсөткөн кыргыз жигиттеринин «Патриот» тобу пайда болду!урматтуу журналисттер мен лично тушунбодум макаланын атын?орусияда кыздарга кордук корсоткон жарандарга каршы жигиттердин "Патриот" тобу пайда болдубу? же наоборот кыздарды кордогону пайда болдубу?? тушундуруп берген жан барбы???????????
Sumyrki 7:32:43 (13-05-2012)
Мен ал балдарды тааныйм. Мурат деген балдар. Жалалабаттын Базар~Коргонунан болот. Москвадагы кыргыздардын смотрящийи имиш. Арасында Алтуха дегени да бар. Камчынын балдары. Тойгозду ошолор. Общакка грев деп грузить этишет. Кыргыз эле балдардын машинелерин тартып алып коюшат.
anara 20:11:59 (12-05-2012)
видеону көрдүм эмне деп айтышты билбеймин таптакыр. Айтоор кыргызка шай эмес иш экен. Канча ач калса да уят биринчи орунда болсо жакшы болот эле.
Mister 0:39:03 (12-05-2012)
http://www.youtube.com/watch?v=1UJOtJoOink
ulanbai 22:42:16 (11-05-2012)
Ютубда дешет, ютубдан такыр таппай койдум.
ulanbai 22:40:21 (11-05-2012)
Бул макаланы мен 2 ай мурун Азаттыктан окусам керек эле. Ар кандай пикирчилер аябай кызуу талкууга алышкан. Бири балдардыкын туура дешсе, бири балдардыкын түркөйлүк деп. Эгер көргөндөр болсо ссылкасын бериңиздерчи, көрүп алып анан өз пикиримди айтайын. Көрбөй туруп, бир нерсе деш да кыйын...
KyrgyzManas 20:02:47 (11-05-2012)
Бул иш чаралардын Кыргызстанда да болушун каалайт элем жана томондогу нерселердимди да айтып кеткенге уруксат этиниздер !!! Кымбаттуу Кыргызымдын жигиттери. Бул маселеге баарынардын конул буруунарды отуномун. Бугунку кундо олкобуздо кыздар ото женилдуулугунон бузулуп жатышат. сигарет тартып пиво жана башка ичимдиктерди ичип сойкулука барып жатышат. Буларга демоорчу болгон кеебир олкобуздо проститутка эркектер бар. Булар чет олкодон келген турктор жана китайлар. БУл эркектер эркек проститутка болуп саналат. Булар учун %100 биздин кыздардын баары сойку !!! Каалаган бир турк жолдо баратып девушка секс деп кыздарыбызга башым машинадан чыгарып каалаган Кыргыз кызына ушундай мамиле кылууда. А биз карап жалдырап турабыз. Калкан болсок кыздарга эч ким жаа аталбайт !!! Силерден суранаарым жок дегенде ошондой сойку балдары корсонор опкосун жулушунарды отуномун. СНБ дан да суранаарым проститутка эркектердин опкосун жулган балдарды сизо до кармап коп кыйнабагыла !!! Бул эркек проституткалардан озубуздун кыздарыбызды эптеп коргошубуз керек. Эгерде СНБ мага уруксат берсе мен озумдун группамы тузуп мындай проститутка эркектерди Бишкекте 2 гундо тазалап коюга кучум жетет жана журогумда жетет. Олкобуздогу кыздар ошондой проститутка турктор менен танышып алар турктор биздин кыздарды турцияга чакырууда жана ал жакта биздин кыздарды сатууда. Балдар давайте бул маселеге жакшы карап койолу. Эгерде кыздар оздору аларды каалап жатса ал кызды кулакты аралаштырып туруп бетке бирди берсенер ошондо озуно келип калат. и эскерткиле дагы бир жолу ушундай бир корунуш болсо жаман болоорун . Мен озум Бишкекте коп андай окуяларды жасадым...
anara 15:36:17 (11-05-2012)
бул Оштук өзбек жигиттер эмеспи? Ака деп жатса, анда ош тараптын балдары. Эгер ушуга чейин эч ким арыз бербесе? Мүмкүн атайын жалган видео тартып, таратып жатышкан жокбу кыргызтардын үрөөйүн качыруу үчүн? мен барган сайын ушул видеолорго ишенбей бара жатам. бул бирөөлөрдүн атайын иштеп жаткан иши сыяктуу. Кыргызтар башка чет мамлекетте кайта кыргыз десе жанын берет, мен кыргыз кыргызты кордойт дегенге ишенбеймин.
GULYA 14:19:07 (11-05-2012)
ооба андай кыздар кобойду, тилекке каршы!!! Бирок оз бир тууган эже-карындаштарын ботон жерде жыналачтап кордогондорду патриоттор деп атоо туура эмес болсо керек!(Бул менин жеке оюм)
boxa 14:10:39 (11-05-2012)
Бар болгула патриоттор!
Мындай патриоттор кыргызстандын озундо да керек.
Байтал базарлар гулдоп жатат.
 
18 июль 2014
11:01   Кыргызстан менен Кытай кийинки 10 жылда ишке ашыруучу кызматташтык долбоорлорун сентябрга чейин даярдайт
17 июль 2014
16:57   Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал боюнча кечиктирилип жаткан биргелешкен иликтөөнү аягына чыгаруу керек, - КР ТИМ жетекчиси Э.Абдылдаев15:33   Кыргызстан менен Тажикстан чек ара аймактарында куралдуу оор техникаларды колдонбоо тууралуу сүйлөшүштү, - министр Э.Абдылдаев15:21   Кыргызстан менен Тажикстандын министрлери эки көпүрөнүн жана Кулунду-Максат кыналышкан жолдордун курулушун талкуулашты14:24   Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларына, күч түзүмдөрүнө сылыктык жана чыдамкайлык жетишпейт, - министр С.Аслов13:49   2013-жыл Кыргызстан менен Тажикстандын эки тараптуу мамилелеринде абдан толумдуу болду, - министр Э.Абдылдаев13:07   Керек болсо улуу Манас тажик кызга үйлөнгөн, бул көп нерсени айтып турат, - Тажикстандын ТИМ башчысы12:57   Тажикстандын министри: Кыргызстанда өз үйүбүздө жүргөндөй сезебиз, сиздердин өлкө, эл бизге абдан жакын09:16   Премьер-министр Ж.Оторбаев кесиптеши Д.Медведевге Москва метрополитениндеги кырсыкка байланыштуу көңүл айтты
16 июль 2014
17:33   «Борбордук Азия + Япония» диалогуна төрагалык кылуу Түркмөнстанга өткөрүлдү15:19   Президент А.Атамбаев Өзбекстандын тышкы иштер министри А.Камилов менен жолугушту14:53   Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун конкреттүү маселелери талкууланды14:47   Президент А.Атамбаев президент В.Путинге Москва метрополитениндеги аварияга байланыштуу көңүл айтты13:27   Кыргызстандын Баткен облусунун жана Тажикстандын Согдий облусунун укук коргоо органдарынын кезектеги сүйлөшүүлөр раунду өтөт10:03   КР өкмөтү менен Тажикстандын өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашуу ратификацияланды
15 июль 2014
17:01   2015-2016-жылдары өтүүчү «Борбор Азия + Япония» диалогунда Түркмөнстан төрагалык кылат15:39   Тажикстандын тышкы иштер министри С.Аслов жумушчу иш сапары менен Бишкекке кетти, - тажикстандык ТИМ14:36   А.Атамбаев: Түркмөнстандын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн ачылышы кызматташтыктын өнүгүүсүнө дем берет
14 июль 2014
17:55   Кыргызстан менен Казакстандын өкмөт башчылары чек арадан туристтик топтордун өтүшүн жөнөкөйлөтүү маселесин чечишти14:11   Премьер-министрлер Ж.Оторбаев менен К.Масимов Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши боюнча ишти активдештирүүнү сүйлөшүштү13:34   Кыргызстан менен Казакстандын премьерлери эки өлкөнүн соода, туризм жана инвестициялар байланышын талкуулашты (фоторепортаж)
12 июль 2014
11:00   Ж.Оторбаев Казакстандын премьер-министри менен кызматташууга байланыштуу бир катар маселелерди талкуулайт
11 июль 2014
18:06   КРга жөнөтүлгөн КММ жүктөлгөн 161 вагонго карата кылмыш иш токтотулду, бирок алар казак чек арасынан өтүшпөйт, - Жамбыл облустук бажы көзөмөлү17:39   Кыргызстан менен Казакстандын премьер-министрлери Кыргызстанга нефтепродуктуларды жеткирүүнү талкуулашат13:02   Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы ок атышуудан Тажкистандын эки чек арачысы жаракат алды, - ЖМК11:01   КР Тышкы иштер министрлиги чек арадагы жаңжал боюнча Тажикстанды шашылыш баа бербөөгө чакырды10:35   КР ТИМ Кыргызстан менен Тажикстан чек арачыларды көзөмөлдөбөй жатат, деген билдирүүлөрдү четке какты10:16   Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги чек арадагы жаңжалдарга жол бербөө тууралуу нота жөнөттү
10 июль 2014
08:53   Түрк академиясын түзүү тууралуу макулдашуу ратификацияланды
9 июль 2014
15:51   Ж.Оторбаев: Эдуард Шеварднадзенин аты менен советтик жана заманбап грузин тарыхындагы бүтүндөй бир доор байланыштуу15:17   Тажикстан менен Кыргызстандын чек арасындагы жолдордун курулуш долбоорун талкууга алуу жаңы кайчы пикирлерге алып келди, - Согдий облусунун жетекчилиги
8 июль 2014
13:16   КРнын айыл чарба жана мелиорация министри Т.Айдаралиев Кытайда жана Кореяда иш сапары менен болот11:05   Президент А.Атамбаев: Кыргызстанда Эдуард Шеварднадзени өз өлкөсүнүн чыныгы мекенчили катары билишчү10:49   Премьер-министр Ж.Оторбаев Монголияга иш сапары менен кетти10:12   КР коргоо министри А.Кудайбердиев КМШдагы кесиптештери менен аскердик-техникалык кызматташтыкты талкуулады
7 июль 2014
13:46   Кыргызстан менен Казакстандын бажы кызматтары эки тараптуу соода-сатык боюнча маалыматтарды салыштыруу протоколуна кол коюшту
3 июль 2014
16:30   Кыргызстан менен Тажикстан чек арада 7-майда болгон жаңжалды иликтөө ишин тездетүүнү жана аяктоону макулдашышты11:49   Төрага А.Жээнбеков Белорусиянын көз карандысыздык күнү менен куттуктады: Достукка негизделген эки тараптуу мамилелердин бекемделишине үмүт артам11:16   Премьер Ж.Оторбаев менен Тажикстандын вице-премьери М.Алимардон кеңири алкактагы маселелерди талкуулашты
1 июль 2014
16:56   Ош шаары менен Новосибирск шаары эки тараптуу кызматташууну бекемдеди
28 июнь 2014
09:40   Кыргыз өкмөтү менен Тажикстан өкмөтүнүн ортосундагы Жарандык коргонуу жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча кызматташуу жөнүндө Макулдашуу ратификацияланды
27 июнь 2014
10:23   ЕврАзЭШ ПААнын туруктуу комиссиясы экология маселелерин карады
26 июнь 2014
16:12   КМШ ПААнын комиссиясынын кезектеги жыйыны ушул жылы күзүндө Санкт-Петербург шаарында өтөт
24 июнь 2014
14:26   Ош шаардык кеңешинин төрагасы У.Примов Кытайдын Оштогу башкы консулу менен жолукту14:22   Ош облусунун башчысы С.Жээнбеков жана Кытай делегациясы Кыргызстандан экологиялык жактан таза мөмө-жемиштерди Кытайга экспорттоо маселесин талуулады
21 июнь 2014
11:04   Орусия менен Кыргызстандын коргоо министрлери жолугушту (фото)10:04   Вице-премьер-министр В.Диль КМШнын Экономикалык кеңешинин жыйынына катышты (фото)
20 июнь 2014
18:20   Чолпон-Атада Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине мүчө-өлкөлөрдүн экономика министрлеринин IV жолугушуусу болуп өттү17:11   Вице-премьер А.Маматалиев менен Өзбекстандын элчиси К.Рашидов эки өлкөнүн мындан аркы мамилелерин талкуулашты
19 июнь 2014
17:46   Вице-премьер В.Диль менен «Роснанонун» төрагасы А.Чубайс венчурдук фонд түзүү жөнүндө макулдашууга кол коюшту
 

Биздин дарек: Бишкек шаары, Москва көчөсү 189
Тел: +996 (312) 45 66 72
Факс: +996 (312) 65 02 04
E-mail: barakeldeorg@gmail.com
© «Баракелде» 2010-2014
«Баракелде» сайтында жайгашкан материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
Материалдарды жалпыга таратуу «Баракелде» редакциясынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.